БУУ өнөр жайды өнүктүрүү боюнча улуттук программаны иштеп чыгууга көмөктөшөт

Вице-премьер-министр Олег Панкратов Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча кеңешчиси Виктор Загреков менен жолугушуу учурунда БУУ өнөр жайды өнүктүрүү боюнча улуттук программаны иштеп чыгууга көмөктөшөрү белгилүү болду. Бул тууралуу 25-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке кошулгандан кийин индустриялык потенциалды өнүктүрүү маселеси алдынкы орунга чыгып жатат",- деди Олег Панкратов.

"Ушул жааттагы программаны ишке ашырууда биз каржы ресурстарын мобилизациялоого жардам беребиз. Мындан сырткары Кыргыз Республикасын экономикалык балансты сактоо жана индустриализациянын деңгээлин көтөрүүгө көмөктөшчү программага киргизүүнү карап жатабыз",- деди Загреков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан