Жогорку Кеңештин 25-ноябрдагы жыйынында спикер Асылбек Жээнбеков парламенттин чыгымын кыскартуу боюнча пикирин айтты. Төрага депутаттардан мүмкүнчүлүктөрдү биротоло алып салууга болбой турганын белгилеп, буларга токтолду:
"Элдин алдында убада бердик эле" деп эле сүйлөй берүүгө болбойт. Элге берген убада менен Жогорку Кеңештин ишинин эффективдүүлүгүн сактап калуунун айырмасы чоң. Депутат мыйзам чыгарып эле отурбайт, эл өкүлү катары иштейт, мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдүк кылат. Чыгымдардын баарын кыскартып салсак депутаттык ишибизди толук аткара албай калабыз, бул бүтүндөй системге зыянын тийгизет. Маселени чечүүдө эч кандай кыйынчылык жок, долбоордун ар бир пунктуна: айдоочу, жардамчы, кызматтык батир жана башкалардан баш тартууга өз-өзүнчө добуш беребиз".
Төрага "мурункуга салыштырмалуу парламенттин чыгымы өсүп кетти" деген пикирге кошулбасын айтты.
"2012-жылы Жогорку Кеңеште 141 адамды кыскартканбыз, бул нерсе оңой эмес. Бешинчи чакырылыш бир дагы жаңы автоунаа сатып алган жок, ШКУнун эсебинен келген 10 Кадиллакты эсепке албаганда. Бул унаалардан да баш тарткысы келгендер көп, анткени аны оңдоого абдан көп сумма кетет экен",- деп билдирди Жээнбеков.