АКШ Орусиянын Су-24 учагы Сириянын аймагында атылды деген пикирде

АКШ Орусиянын Су-24 учагы Сириянын аймагында атылды деген пикирде. Расмий Вашингтон орусиялык учак Түркиянын аба мейкиндигине кыска убакытка кирип, кайра Сириянын аймагына өткөндөн кийин аткылоого учураганын айтууда. "Мындай жыйынтык аба мейкиндигиндеги кыйраган учактын кыймылдаткычынын жылуулук нурдануусу анализденгенден кийин белгилүү болду",- деп айтылат маалыматта.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркия өлкөсүнүн аба мейкиндигин коргогонун билдирсе, Орусия президенти Владимир Путин бул окуяны “желкеден урулган сокку” деп атады.
Эскерте кетсек, 24-ноябрда орусиялык Су-24 учагы түркиялык F-16 истребители менен атылып кулатылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан