Алтынбек Сулайманов: "Журналисттер бизди каралап туура кылышат"

"Журналисттер бизди каралап туура кылышат, бизге ырас болот",- деди депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин 25-ноябрдагы жыйынында. Анда парламенттин чыгымдарын кыскартуу боюнча комиссиянын иш жыйынтыгы каралып жаткан. Сулайманов Жогорку Кеңештин бюджетин 50 миллион сомго кыскартуу болбогон аракет экенин сынга алды.

"Мамлекеттик бюджеттин 1 пайызын эле кыскартсак, 1 миллиард 300 миллион сом болот. Жогорку Кеңештин чыгашасын болгону 50 миллион сомго кыскартуу эмне деген чечим? Ушундай аракеттерибиз үчүн бизди журналисттер сындап, каралап жатышат да. Бул жерде популист болууну токтотуп, туура чечим кабыл алышыбыз керек",- деди Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан