Ооганстанда талибдер Молдованын тик учагын аткылап, 3 киши набыт болду

Ооганстанда бүгүн, 25-ноябрда молдовалык компанияга караштуу тик учакты “Талибан” кыймылынын согушкерлери аткылашты. Тик учак Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында тынчтык операциясы үчүн Мазари-Шариф шаарынан Балх провинциясына бара жатканы, ичинде 17 ооган аскери болгону айтылды.

"Алгач тик учак Кундуз провинциясынын аймагында башкаруудан чыгып, абада калкып калган жана көп өтпөй жерге конгон. Аталган провинция талибдердин карамагында болгондуктан, алар тик учакка чабуул жасашып, 3 учкучту өлтүрүштү жана 18 кишини туткунга алышты",- деп жарыялашты ооган басылмалары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан