Депутат Алтынай Өмүрбекова парламенттин чыгымдарын кыскартуу боюнча комиссия максатына жетпегенин айтты

"Парламенттин чыгымдарын кыскартуу боюнча комиссия максатына жеткен жок",- деди аталган комиссияга мүчө болгон депутат Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңештин 25-ноябрдагы жыйынында. Депутат комиссия функционалдык анализ жүргүзбөгөнүн айтты. "Комиссия бюджетте канча чыгаша болуп жатканын анализдеп чыгышы керек эле, анализдеген жок. Ошон үчүн комиссия өз максатына жеткен жок. Мисалы, төраганын фондун 30 миллион сомдон 10 миллион сомго кыскартуу керек болчу. Бул маселелер боюнча комиссия мүчөлөрүнүн ортосунда көптөгөн карама-каршылыктар болуп жатты",- деди Өмүрбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан