Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-ноябрда Чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алганын президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда президент өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы абал, ошондой эле чек араны бекемдөө, чек арачылардын профессионалдык даярдыгын жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат алды. Мындан сырткары Р.Дүйшөнбиев ЕАЭБдин талаптарына ылайык көзөмөл-өткөрүү бекеттерин оңдоп-түзөө жана модернизациялоону ишке ашыруудагы комплекстүү чаралар тууралуу айтты.