Барак Обама: “Түркия өзүнүн аба мейкиндигин коргоого укуктуу”

Түркия-Сирия чек арасында атып түшүрүлгөн Орусиянын Су-24 учагы тууралуу Барак Обама пикирин билдирди. Обама өз сөзүндө: “Эгерде Орусия Сириянын жансыз оппозициясына эмес, “Ислам мамлекети” тобуна каршы чабуул жасаганда, бул өңдүү окуялар сейрек болмок”,- деп белгилеп, бул окуя боюнча ар тараптуу бардык маалыматтарды топтоп, АКШнын атайын кызматтарынын маалыматтарын да карап чыккандан кийин бир жыйынтыкка келерин айтты. АКШ президенти “Түркия өзүнүн аба мейкиндигин коргоого укуктуу” деп кошумчалады. Маалым болгондой, Обама бул маселе боюнча Түркия лидери Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан