Кыргызстанда өткөн суткада 11 өрт кырсыгы катталганын ӨКМнын маалымат кызматы билдирди. Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталды. Аталган министрликтин Өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Уланбек Танабаевдин айтымында, тилсиз жоодон адам өмүрүнө зыян келтирилген учур катталган жок.