Бүгүн, 25-ноябрда "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов журналисттерге маалымат жыйын өткөрөт. Фракциянын басма сөз катчылыгынан билдиришкендей, Бабанов парламенттин чыгымдарын кыскартуу боюнча жалпы жыйында жабык каралып жаткан маселенин жыйынтыгы боюнча маалымат берет. Ошондой эле парламенттин чыгымдарын кыскартуу боюнча комиссияга аталган фракциядан мүчө болгон депутаттар да журналисттердин суроолоруна жооп беришмекчи.