Депутаттар бүгүнкү жыйында Жогорку Кеңештин чыгымдарын кыскартуу маселесин жабык кароону улантышууда. Депутат Тазабек Икрамовдун SUPER.KG`ге билдиришинче, депутаттар унаадан баш тартып, жардамчыларын калтыруу чечимине келишти. "Ар бир пункт өзүнчө талкууланып, добуш берүү жүрүп жатат. Учурда унаадан баш тартып, жардамчыларды калтыруу чечимине келдик",- деди Икрамов.