Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 25-ноябрда коррупция боюнча айыпталып жаткан Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазовго карата өкүм чыкмак. Нарымбаев отурумга алынып келинген жок. Сот залында жактоочу отурумду артка жылдырууну суранып, кардарынын катуу ооруп жатканын айтты.
Кийинки отурум 27-ноябрга белгиленди.