Бүгүн, 25-ноябрда Бишкектеги Ак үйдүн алдында насыя алгандар пикет өткөрүп жатышат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Пикетчилердин айтымдарында, шайлоо алдында айрым депутаттар "эгер доллар кымбаттай берсе, анда бул валютанын мурунку курсу менен насыяны төлөгөнгө уруксат берүү боюнча мыйзам чыгарабыз" деп убада беришкен. Мындан тышкары депутаттар "эгер насыя алган жаран карызын төгө албаса, анда банк анын күрөөгө коюлган үйүн ала албайт" деген мыйзамды чыгарууну убадалашкан экен",- дейт окурман.
Айта кетсек, пикетке 20 чакты аял чыккан.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.