Каржы министрлигинин кызматкерлери 17-ноябрда Ош облусунда болгон жер силкинүүдөн жабыркагандарга бир күндүк маянасын которушат. Муну бүгүн, 25-ноябрда аталган мекемеден билдиришти.
Министрликтин борбордук аппаратынын, борбордук казынасынын, министрликке караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун, Баалуу металлдар департаментинин, Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин жана Окуу борборунун кызматкерлери өздөрүнүн жарандык парзы катары зилзаладан жабыркагандарга бир күндүк эмгек акысын беришери айтылды.
Эскерте кетсек, буга чейин бир катар мекемелердин кызматкерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары кыйналып турган элге жардам катары бир күндүк маяналарын которушкан.