Кыргыз мамлекети Азия инфратүзүмдүк инвестиция банкынын түзүүчүлөр курамына кирүүгө ниеттенүүдө

Жогорку Кеңеште Пекин шаарында кол коюлган "Азия инфратүзүмдүк инвестиция банкы боюнча макулдашуунун беренелерин ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, АИИБ Азиядагы өндүрүштүк инфратүзүмдү өнүктүрүүнү жакшыртуу үчүн каржылык колдоону камсыздай турган көп тараптуу өнүктүрүү банкы катары түзүлүүдө. Транспорт, телекоммуникация, энергетика, суу менен жабдуу, айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана башка өндүрүштүк тармактарга инвестиция тартуу банктын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Банкка дүйнөнүн 57 өлкөсү түзүүчү болуп кирүүдө.

Кыргыз мамлекети Азия инфратүзүмдүк инвестиция банкынын түзүүчүлөр курамына кирип калса, ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн узак мөөнөттүү жана кыйла жеңилдетилген насыя каражаттарын алууга мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

Ошондой эле АИИБ негизинен орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү долбоорлор үчүн коммерциялык жана жеңилдетилген насыяларды берери белгилүү болду. Анын уставдык капиталы ар бири 100 миң доллар наркындагы 1 миллион акция менен 100 миллиард долларды түзөт. Түзүүчү мүчө катары Кыргыз Республикасынын жазылуу капиталынын үлүшү – 0,0268 пайыз же 26,8 миллион доллар, ал эми төлөнгөн капиталдын үлүшү – 5,4 миллион доллар. Капиталды төлөөгө республикалык бюджеттин болжолдуу чыгымы – 349,9 миллион сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан