Төрага Асылбек Жээнбеков жетектеген парламенттик делегация иш сапары менен Орусияга барат. Анда делегация 26-27-ноябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин кезектеги жыйындарына катышат. Ошондой эле иш сапардын алкагында Жээнбеков бир катар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.
Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Данияр Төлөнов, Мирлан Бакиров, Айнуру Алтыбаева, Алтынбек Жунус уулу, Ашэра Халикова, Алмазбек Баатырбеков жана Галина Скрипкина бар.