* Мындан 76 жыл мурун, 1939-жылы америкалык ырчы, актриса жана бийчи Тина Тёрнер АКШнын чакан Натбуш аттуу шаарында туулган. Анын өз аты-жөнү - Анна Мэй Буллок.
"Грэмми" сыйлыгынын 8 жолку ээси Тина өзүн сахнада алып жүрүүсү, темпераменти менен "рок-н-роллдун ханышасы" аталган. Бий чеберчилигин мыкты өздөштүргөндүгү үчүн убагында дүйнөдөгү мыкты бийчилердин ондугуна кирген. Американын белгилүү "Роллинг Стоун" журналы Тина Тёрнерди "Азыркы замандын эң мыкты ырчыларынын бири" деп атаган.
* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы орусиялык театр жана кино актёру, ырчы Антон Макарский Пенза шаарында актёрлордун үй-бүлөсүндө туулган. Антон 8 жашынан баштап Пенза драма театрында спектаклдерде ойной баштаган. "Байкуш Настя", "Вангелия" сыяктуу белгилүү тасмаларда роль жараткан.
* Мындан 21 жыл мурун, 1994-жылы чечен оппозициясынын отряддары Грозныйга ийгиликсиз чабуул жасашкан. Орус атайын кызматтарынын жана чечен оппозициясынын шаарды басып, Жохар Дудаевди тактан түшүрүү үчүн чабуулу ийгиликсиз болгон.
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Марс планетасынан соолуган көлдүн изи табылган. Бул ачылышты Американын “Кьюриосити” марсоходу тарткан. Соолуган көлдүн изи Марс планетасынын Йеллоунайф булуңунан табылган. Изилдөөчүлөр бир кездердеги көлдүн суусунун курамында химиялык элементтер, көмүртек, кычкылтек, суутек, азот камтылышы ыктымал экенин божомолдошкон. Мындан тышкары кадимки хемолитавтотрофтук бактериялар жашоосу мүмкүн экенин айтышкан. Буга карабастан, изилдөөчүлөр Марста жашоо болгон-болбогонун так аныктай алышкан эмес.
26-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.