Бишкек шаардык ИИББинин маалыматына таянсак, 11-мартта уурулук кылмышына шектелип борбор калаадан 3 адам кармалды.
Биринчиси - маршруттук таксиде бара жатып уюлдук телефон уурдамакчы болгон 34 жаштагы В.К. аттуу жаран. Ал кошумча дагы 3 кылмышка катыштыгы бар деп шектелүүдө.
Экинчиси - шаардагы батирлердин бирине кирип фотоаппарат уурдаган 23 жаштагы М.Я.
Үчүнчүсү - борбор шаардагы түнкү көңүл ачуучу жайлардын биринин кассасынан 1000 сом уурдагандыгы үчүн айыпталып жаткан 18 жаштагы А.А. аттуу жаран. Учурда кармалгандардын үстүнөн тергөө иштери жүрүүдө.