"Доллардын куну кескин көтөрүлүп, сомдун наркы түшүүдө. Колунда барлар доллар сатып ала баштады". Бул тууралуу депутат Осмонбек Артыкбаев Жогорку Кеңештин бүгүн, 26-ноябрдагы жыйынында билдирди. Депутат ушундай абалдан пайдаланып калууну көздөгөн алып сатар ортомчулар да улуттук валютанын кунунун түшүшүнө түздөн-түз таасир берип жатышканын айтты.
"Мындай абалга банктардын да кандайдыр бир деңгээлде катышы бар. Калк кыйнала баштады. Каатчылык улам тереңдеп барат. Көп соода түйүндөрүндө товарлар долларга сатыла баштады. Өлкө аймагында товарлар улуттук валютада гана сатылууга тийиш. Өкмөт тезинен чара көрүп, мындай өзүм билемдикке чектөө киргизүүсү зарыл. Ансыз абал мындан дагы татаалдашып кетүүсү мүмкүн",- деп кошумчалады депутат.