Депутаттар "Орусия менен Түркиянын ортосундагы учурдагы абалга кыргыз өлкөсү тарабынан кандай реакция болот?" деп кызыгышууда

Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы жыйынында депутаттар Орусия менен Түркиянын ортосундагы мамилеге да токтолушту. Депутат Тазабек Икрамов Кыргыз Республикасы да өз учурунда коопсуздукту күчөтүүсү керектигин айтты. "Түркия Орусиянын Су-24 учагын атып түшүргөнү боюнча баарыңыздардын маалыматыңыздар бар. Бирок билесиздер, Орусия жана Түркия менен биз тыгыз кызматташып келебиз. Ошондуктан мен Тышкы иштер министрлигине кайрылып, "Эки өлкөнүн ортосундагы абалга биздин мамлекет тарабынан кандай реакция болот?" деп сурагым келип турат. Себеби биз мамилени бузуп албашыбыз керек. Анан да учурда социалдык түйүндөрдө айрым адамдар Түркиянын элчилигинин алдында митинг өткөрүүгө чакырык ташташууда",- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан