"Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарды шаарга кошуу керек",- деди депутат Иса Өмүркулов Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы жалпы отурумунда. Депутат бул сунушун жаңы өкмөттүн түзүмү менен курамы бекитилип жатканда көтөргөнү менен, ал дагы деле аткарыла электигин белгиледи.
"Жаңы өкмөттүн түзүмү менен курамы бекитилип жатканда мен олуттуу эки маселе койгон элем, бири дагы аткарыла элек. Биринчи маселе – Бишкек шаарынын тегерегинде жайгашкан жаңы конуштарга байланыштуу көйгөйлөр. Экинчи маселе – айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү жаатындагы көйгөйлөр. Алар азыркыга чейин аткарылган жок, андай аракет сезилген да жок. Ансыз деле жаңы конуштардын көп жылдардан берки көйгөйлөрү чечилбей келет. Өкмөт айыл чарба өнүмдөрүн тезинен колго алып, тиешелүү чараларды көрүшү керек. Антпесе, кайра иштетүү ишканалары бир айдын аралыгында банкротко учурашы ажеп эмес. Мисалы, сүт азыктарын кайра иштетүү ишканаларынын абалы оорлоп барат",- деди Өмүркулов.