Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңеште өкмөттүн күз-кыш мезгилине карата даярдыгы каралып жатат. Жыйынга өкмөт башчы Темир Сариев, вице-премьер, министрлер жана өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү келишти. Депутат Сайдулла Нышанов өлкөнүн түштүк облусундагы жер титирөөнүн кесепетине байланыштуу өкмөт өкүлдөрүнүн убактысын алуунун ордуна, алардын аймактарга барып иштөөсүнө көбүрөөк убакыт берүүнү демилгеледи.
Ал эми 25-ноябрдагы жыйында депутаттар жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча өкмөттүн маалыматын угууну талап кылышкандыктан, Темир Сариев алгач жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча маалымат берүүгө киришти.