Акылбек Жапаров өкмөт менен Улуттук банкты доллар кунунун кескин көтөрүлүп кетишине байланышуу тезинен тиешелүү чараларды көрүүгө чакырды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Жапаров өкмөт менен Улуттук банкты доллар кунунун кескин көтөрүлүп кетишине байланышуу тезинен тиешелүү чараларды көрүүгө чакырды. Анын айтымында, парламенттин тармактык комитеттерин өкмөт менен бирге атайын шашылыш чараларды иштеп чыгууга милдеттендирген токтомдун долбоору даярдалды. Ал үчүн азыртадан коммерциялык банктар менен бул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштоосу зарыл.

"Улуттук банктын маалыматына караганда, ушу тапта өлкөдөгү доллардаштыруу 58 пайызды түзөт. Азыр Кыргыз Республикасындагы доллар кунунун көтөрүлүшүнө, улуттук валюта наркынын төмөндөшүнө шарт түзүлүп калды. Алтын валюта корубуз барган сайын азайып барат. Улуттук банктын аракетине карабастан, сомдук акча көлөмү көбөйүп жатат. Ага кошул, өлкөнүн чыгымдары да өсүүдө. Ошондуктан чет өлкөлүк валюта менен эсеп-кысап жүргүзүү амалдарына бөгөт коюу зарыл",- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан