Темир Сариев кыргыз жеринде 6 миллионунчу жаран Ош шаарында жарыкка келгенин жарыялады

"Кыргыз Республикасынын 6 миллионунчу жаранын Ош шаарында Рахат Белекова деген 39 жаштагы келин жарыкка алып келди",- деп маалымдады өкмөт башчы Темир Сариев Жогорку Кеңештин жыйынында. 6 миллионунчу жаран 25-ноябрь күнү саат 18:12де Ош шаарындагы Шаардык төрөт үйүндө төрөлгөнүн айтты. "Рахат Белекованын буга чейин 3 уул, 2 кызы болгон экен, 6 миллионунчу кызы менен жалпы 6 балалуу болду",- деди Сариев.

Айта кетсек, өлкөдө 5 миллионунчу жаран 2002-жылдын 27-августунда жарык дүйнөгө келген. Анын аты-жөнү - Тынчтыкбек Курамаев. Ошол маалда президент тарабынан Курамаевдердин үй-бүлөсүнө Бишкектен 3 бөлмөлүү үй берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан