"Электр энергияны коңшу өлкөлөрдөн сатып алуу караштырылып жатат" деди өкмөт башчы

Жогорку Кеңештин бүгүн, 26-ноябрда өтүп жаткан жыйынында Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2015-2016-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча өкмөттүн иши жөнүндө маалымат угулууда. Жыйынга премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, аймак башчылары катышып жатат.

Премьер-министр Темир Сариев кышка даярдык боюнча республикалык штаб түзүлгөнүн, аны өзү жетектеп келатканын, андан сырткары өлкөнүн бардык аймактарында да ушундай эле борборлор иштеп жатканын билдирди. Анын айтымында, мурдагы жылдарга караганда быйыл кыш мезгилине карата даярдыктын жүрүшү кыйла жакшырды, мүмкүнчүлүктөр да жетиштүү.

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында "Электр станциялары" ишканасы 2015-жылдын июль-сентябрь айларында республикалык бюджеттен 1,1 миллиард сом көлөмүндө ссуда алды. Азыр Бишкек жылуулук электр борборунда (ТЭЦ) 271 миң тонна, Ош жылуулук электр борборунда 15 миң тонна мазут бар. Өткөн 10 ай аралыгында 9 миллиард 729 миллион кВт/саат электр кубаты өндүрүлдү. "Көп жылдан бери быйыл биринчи жолу кыш мезгилине даярдык чаралары ырааттуу жүргүзүлүп, ортодо үзгүлтүккө учураган жок",- деди Сариев.

Премьер-министр ушу тапта Бишкек ЖЭБи 300 мВт кубаттуулугунда иштеп жатканын, аны 360 мВт кубаттуулукка чейин көтөрүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтты. "Азыр кытайлык инвесторлордун жардамы менен Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Анын от казандары жергиликтүү көмүргө ылайыкташтырылат. Ошону менен бирге анын кубаттуулугу да кыйла жогорулайт", - деп кошумчалады ал.

"Азыр Токтогул суу сактагычында 12,4 миллиард куб метр суу бар. Бул суу келерки жазга чейин жетеби-жетпейби, аны кыш мезгили көрсөтөт. Ошондон улам электр кубатын коңшу өлкөлөрдөн импорттоо чаралары да караштырылууда. Эгер кыш суук болсо, өкмөт дароо сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштайт. Азырынча импорт кылчу тарап дагы, ала турган электр кубатынын көлөмү да так аныктала элек. Электр наркы да ошого жараша болот",- деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан