"Жер титирөөдөн жапа чеккендерге жардам берүү эсебине 4 миллион сомдон ашык каражат жыйналды",- деди өкмөт башчы Темир Сариев. Өкмөт башчы бул тууралуу Жогорку Кеңеште Ош облусунда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип жатып айтты.
"Жер титирөөдөн жапа чеккендерге көмөк көрсөтүү боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде атайын эсеп ачылып, жардам берүүнү каалагандар жардам берип жатышат. Мамлекеттик органдар, ишкерлер жана жөнөкөй жарандар колунан келген жардамдарын көрсөтүп жатышат. Бөлүштүрүү өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө тапшырылып, көзөмөл коюлган. Бүгүнкү күнгө чейин 4 миллион сомдон ашык каражат чогулду",- деди Сариев.
Андан кийин Сариев жер титирөө катталган аймактарда мектептер иштеп жатканын кошумчалады.