Нарында өрт өчүрүү учурунда каза болгон Абаскан Нуралиевге мамлекет тарабынан азыркыга чейин компенсация төлөнүп бериле электиги айтылды

"Нарында өрт өчүрүү учурунда каза болгон Абаскан Нуралиевге мамлекет тарабынан убадаланган компенсация азыркы учурга чейин төлөнүп бериле элек". Муну депутат Нургазы Нишанов Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы отурумунда көтөрүп чыкты. Депутат анын үй-бүлөсүнө бериле турган 1 миллион 500 миң сом компенсация эмнеге берилбей жатканын өкмөттөн сурады. Анын суроосуна өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жооп берди. "Нуралиев менен бирге каза болгон өрт өчүрүүчү Алтынбек Дүйшөналиевге компенсация берилип жатат. Ал эми Нуралиев Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери болгондуктан, мен билбейм, тиешелүү тарап өзү жооп бериши керек",- деди Боронов.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 10-сентябрында Жумгал районунун Каныш капчыгайында өрт чыккан. Анда чыккан өрттүн кесепетинен 600 гектарга жакын куураган чөп жана бадалдар күйгөн. Ошондой эле 11-сентябрь күнү өрттү өчүрүү учурунда өрт өчүрүүчү Алтынбек Дүйшөналиев жана Жумгал райондук мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери Абаскан Нуралиев каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан