Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров 2011-жылы чуу жараткан радиоактивдүү 618 тонна көмүрдү сактап отурбай тезинен жок кылууну талап кылып чыкты. Зулпукаровдун мындай демилгесин башка депутаттар да колдоого алышты. Депутат Алтынай Өмүрбекова сакталып турган көмүрдү тез арада текшерип чыгып, радиациялык фону ден соолукка зыян келтирбегени аныкталса, аны башка кендин көмүрү менен аралаштырып иштетип жиберүүнү сунуш кылды.
Аталган 618 тонна көмүр 2011-жылы “Электр станциялар” ишканасы тарабынан Бишкек жылуулук берүү борборуна Казакстандын "Кулан көмүр" кенинен ташылып келинген. Ошол учурда ташылып келген көмүрдүн радиоактивдүүлүгү жогору экени аныкталып, пайдаланууга тыюу салынган.