Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2015-2016-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча өкмөттүн маалыматы угулду. Жыйынга өкмөт башчы Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, аймак башчылары катышып, депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Суроо-жооп аяктагандан соң депутаттар өкмөттүн даярдыгын жактырышып, токтом кабыл алышты.
Депутаттар талкуу учурунда өкмөткө кыш мезгилине карата даярдык иштерин жакшыртуу, анын жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүү жаатында бир катар тапшырмаларды беришти. Алардын аткарылышына Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети көзөмөлдүк кылмакчы.