"Өкмөт Кыргыз Республикасын газ менен жабдыган Орусиянын "Газпром" компаниясына газдын баасын толугу менен рублга өткөрүү өтүнүчү менен кайрылды". Бул тууралуу вице-премьер-министр Олег Панкратов Жогорку Кеңеште 2015-2016-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык тууралуу өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди.
Анын айтымында, ушу тапта Кыргыз Республикасы "Газпромдон" газдын 1 миң кубун 165 доллардан сатып алгандыктан, анын баасы доллар менен кошо өсүп барат. Ошондон улам газ наркын рублга өткөрүү кыйла пайдалуу болот.
Ал эми ЖЭБ үчүн Казакстандын көмүрү 56 доллардан сатылып алынып жатканын кошумчалады. "Бишкек ЖЭБи реконструкцияланып бүтсө, от казандар жергиликтүү көмүр жагууга ылайыкташтырылгандыктан, жергиликтүү көмүр гана сатылып алына баштайт",- Панкратов.