Орусиялык депутат "Түркия достуктун белгиси катары Айя-Софья музейин христиандарга кайтарып бериши керек" дейт

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гаврилов кескин катаалдашкан орус-түрк мамилеси боюнча пикирин билдирип, көпчүлүк күтпөгөн сунуш айтты.

"Түркия достук мамиледе экенин билдирүү үчүн чечкиндүү кадам таштап, Айя-Софья музейин христиандардын чиркөөсү катары пайдалануу үчүн бизге бериши керек. Орусия бул багытта материалдык жактан да, чиркөөнү кайра калыбына келтирүү жагынан да иш алып барууга даяр. Бул кадам Түркиянын жана ислам дүйнөсүнүн учурдагы кырдаалга жакшы ниетте экенин билдирмекчи",- дейт депутат.

Гаврилов учурда орус-түрк мамилеси сыналып жатканын жана мындай учурда достук сунуштар абдан мааниге ээ экенин айтат. Бул боюнча Түркия тараптан чечкиндүү кадам күтөрүн кошумчалады.

Айя-Софья - дүйнөгө белгилүү музей. 537-жылы курулган имарат миң жылдан ашуун убакыт дүйнөдөгү эң чоң храм аталып турган. Башында христиандардын чиркөөсү катары кызмат кылган. 1453-жылы Константинополду басып алган Осмон империясынын султаны Мехмед II чиркөөнү талкалабай, мечит кылууга буйрук берген. Ошондон кийин анын тегерегине 4 мунара курулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан