Ош облусунун Өзгөн районундагы №38-кесиптик лицейдин жооптуу кызматкерлери мыйзамсыз түрдө 927410 сомду өздөрүнө которуп алгандыгы үчүн аталган райондун прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет. Маалым болгондой, аталган лицейдин кызматкерлери 2011-жылы бюджеттен айлык маяна үчүн берилген 3 миллион 137 миң сомдун 556910 сомун жана лицейдин окуучуларынын тамак-ашы үчүн бөлүнгөн каражаттын 370500 сомун жалган документтер менен өздөрүнө өткөрүп алышкан. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери башталганы кабарланды.