Парламент жеке менчик медициналык мекемеге бейтапка жакын тууганынын мүчөсүн трансплантациялоого уруксат берген мыйзам кабыл алды

Жогорку Кеңештин депутаттары 26-ноябрдагы жыйында "Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун 3-окууда кабыл алышты.

Мыйзам долбоору менен жакын туугандардын органдарын жана (же) ткандарын алууга, даярдоого жана трансплантациялоого (туугандык трансплантациялоо) саламаттыкты сактоонун менчик мекемелеринде да уруксат берилмекчи.

Эгерде саламаттыкты сактоо уюму адамдын органдарын трансплантациялоо боюнча операцияларды жасаш үчүн зарыл адам ресурстарына, медициналык аппаратурага, тиешелүү сертификаттарга жана башка зарыл документтерге ээ болсо, Кыргыз Республикасынын аймактарында мындай түрдөгү операцияларды жасаганга мамлекеттик да, менчик медициналык мекемелерде да уруксат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан