Кыргыз мамлекети менен Орусиянын парламент төрагалары жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 26-ноябрда Санкт-Петербург шаарында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин менен жолугушту.

Нарышкин 4-октябрда Кыргыз Республикасында парламенттик шайлоо атаандаштык негизде өткөнүн, бул жаатта кыргыз бийлиги секирик жасаганын белгиледи. Асылбек Жээнбековдун Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланышы менен куттуктап: “Сиздин экинчи ирет Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланышыңыз ар тараптуу кызматташууну мындан ары дагы арттырууга өбөлгө болот”,- деп билдирди.

Жээнбеков 31-октябрда орусиялык учактын Египетте кырсыкка учурап, 224 адамдын каза болушуна байланыштуу Нарышкинге көңүл айтып, кыргыз өлкөсү терроризмге каршы күрөштү колдой турганын, бул жаатта эл аралык коомчулуктун биргеликте аракет көрүүсүнүн зарылдыгын белгиледи.

"Сүйлөшүүдө биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен өткөн шайлоонун жыйынтыктары, Жогорку Кеңеште түзүлгөн коалициялык көпчүлүк, Жогорку Кеңештин жаңы түзүмү, алдыдагы иш пландары тууралуу маалымат берди. Мындан сырткары кызматташуу чөйрөсүндөгү артыкчылык берилген көптөгөн маселелерди чечүүнү жана эки тараптуу мамилелердин жигердүүлүгүн шарттай турган бардык деңгээлдеги кыргыз-орус байланыштарынын өсүү динамикасын белгиледи.

Жолугушуу соңунда Асылбек Жээнбеков Сергей Нарышкинди ыңгайлуу учурда расмий сапар менен кыргыз мамлекетине келүүгө чакырды. Нарышкин чакырууну кабыл алып, расмий сапардын алкагында кыргыз өлкөсүнүн ЕАЭБге мүчөлүгү жана келечеги боюнча эл аралык форумду Бишкек шаарында уюштурууну сунуштады",- деп билдирет парламенттин маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан