Жогорку Кеңеш 26-ноябрда өкмөт тарабынан сунушталган "Дары каражаттары жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Мыйзам долбоору 25-ноябрда жалпы жыйында каралган.
Айыл чарба министринин маалыматына ылайык, мыйзам долбоору ветеринардык дары каражаттарынын, тоюттардын жана тоют кошулмаларынын сапатын экспертизалоону "Ветеринария жөнүндө" мыйзамдын талаптарына шайкеш келтирет. Мындай чаралар жаныбарлар ылаңын алдын алуу жана дарылоо жаатында атайын каражаттарды колдонуунун натыйжалуулугун арттырат. Жаныбарлардын ооруларын дарылоо үчүн колдонулуучу дары каражаттарынын сапатын, коопсуздугун экспертизадан өткөрүү укугун мамлекеттик ветеринария органына тапшыруу каралган.