Жылнаама, 27-ноябрь: Мындан 75 жыл мурун чыгыш мушташ өнөрүнүн легендасы, кунг-фу чебери, актёр Брюс Ли туулган

* Мындан 7 жыл мурун, 2008-жылы Кыргыз Республикасы Кытайдан ташылып келинген сүт азыктарына жана жумурткага убактылуу тыюу салган. 2008-жылдын октябрь айында Кытайда сүткө кошулган меламин затынан миңдеген адамдар ууланып, элүүдөн ашык бала көз жумган. Бул чуулгандуу окуя дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салып, бир топ мамлекеттер бул өлкөдөн сүт азыктарын импорттоону токтотушкан. Ага катар Кыргыз Республикасы дагы Кытайдан чыгарылган сүт азыктарын жана жумуртканы сатып алууга тыюу салган. Коңшу мамлекеттен келген бул азыктарда меламин бар-жоктугун аныктоочу атайын лабораториянын биздин өлкөдө жок болгонуна байланыштуу азыктардын курамын текшерүү мүмкүн эмес болгон.

* Мындан 75 жыл мурун, 1940-жылы чыгыш мушташ өнөрүнүн легендасы, кунг-фу чебери, актёр, кинорежиссёр, продюсер Брюс Ли АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Франциско шаарында туулган.

Кытайда Ли Сяолин, Ли Чжэньфань ысымдары менен да таанымал болгон. Бала кезинен баштап фильмдерге тартыла баштап, жалпысынан 36 тасмада роль жараткан. Батышка чыгыш мушташ өнөрүн тааныткан. Ал эми анын өзүнүн өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө 30га чукул фильм тартылган.

ХХ кылымдын экинчи жарымында Европа өлкөлөрү менен АКШда чыгыш мушташ өнөрүнүн жылдызы катары кеңири таанылган. Кунг-фудан сырткары бокс жана дзюдо менен машыккан. "Жит Кун-до" деген аталыштагы кунг-фу боюнча өзүнүн стилин ойлоп тапкан.

* Мындан 54 жыл мурун, 1961-жылы белгилүү орусиялык диктор Екатерина Андреева Москвада төрөлгөн. Ломоносов атындагы ММУнун тарых факультетин, андан соң юристтин окуусун бүтүргөн. Алып баруучулук кесипке чейин прокуратурада тергөөчү болуп иштеген. “Биринчи канал” сынак жарыялап жатканын угуп, тагдырын сынап көрүүнү чечет. Алгач ага “чачы узундун акылы кыска” дегендей мамиле жасашып, көңүл бурушпайт, бирок анын үнүн жана сүйлөө манерасын байкаган башкы режиссёр дароо кабыл алат. Жаңы кесиби менен катар Радио жана телевидение кызматкерлеринин билимин өркүндөтүү институтун бүтүрүүгө жетишет. “Теледива” Екатерина Андреева 1997-жылдан бери “Время” маалымат программасынын диктору болуп эмгектенет.

* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы Москвадан Санкт-Петербургга сапар алган "Невский экспресс" ылдам жүрүүчү поезди Лыкошино айылына жакын жерден кырсыкка кабылган. 28 адам көз жумуп, 132 киши ар кандай жаракат алган. Кырсыктын себеби террордук акт менен жардыруу болгон. Акыркы вагондогу жүргүнчүлөр катуу нерселерге урунушкандан каза болушкан.

27-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
student-95
2015-11-26 21:49:07
супер инфо Брюс Ли жонундо тартылган тасмалардын аттарын айтып койосуздарбы алдын ала рахмат
0
admin_portal
2015-11-27 11:58:13
student-95, саламатсызбы!
"Брюс Ли: это была моя жизнь", "Прощай, Брюс Ли", "Брюс Ли: Легенда", "Дух Брюса Ли". "Легенда Брюса Ли", "Дракон: История жизни Брюса Ли", "Брюс Ли: Путь воина", "Мастер боевых искусств: Жизнь Брюса Ли", "Легенда о Брюсе Ли". "Как Брюс Ли изменил мир", "Мой Брат Брюс Ли", "Я — Брюс Ли" ж.б.
0
Gensek
2015-11-26 22:42:26
Бир кундо туулупуз))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан