Айылдарды инвестициялоо боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун парламент 1-окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун 26-ноябрдагы жыйында 1-окууда кабыл алды.

Келишимге ылайык, Эл аралык Өнүктүрүү ассоциациясы элет жерин өнүктүрүү багытында Кыргыз Республикасына 12 миллион доллар каражат бөлөт. Бул жолу жеңилдетилген насыя Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы айылдарга берилмекчи. Анын 6,6 миллион доллары насыя, ал эми 5,4 миллион доллары грант болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыз үстөгү менен берилүүдө. Анын ичинде 7 жылы – жеңилдетилген мөөнөт.

Долбоор "Потенциалды өнүктүрүү", "Айылды инвестициялоо", "Долбоорду башкаруу" сыяктуу 3 компонеттен турат. Анын алкагында элет жергесинин инфратүзүмүн жакшыртууга, жакырчылыкты жоюуга, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, жергиликтүү тургундардын ден соолугун чыӊдоого, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин билимин көтөрүүгө багытталган бир катар иштер аткарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан