"Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун "Кара-Жыгач" базарында "Керемет" деген пахта майы сатылат. Идиштин сыртында майдын салмагы көрсөтүлгөн эмес. Чыгарылган датасы жок. Аны саткандар 1 литрди ашыкча айтып сатышат. Бул сүрөттөгү майды 4 литр деп айтышат. Мен дайыма ушул адамдардан май алам. Баасы 300 сом. Майдын идишинин түбү атайын ичине карай чуңкурайтылган. Булар менен эч кимдин деле иши жок",- деп SUPER.KG порталына нааразычылыгын билдирди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.