Алмамбет Шыкмаматов: “Сот арачылары институтун түзүү азырынча эртелик кылат”

“Кыргыз Республикасынын 2014-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт” Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин талкуусунан өткөндө былтыркы жылдын аткаруу милдетине кирген талаптар тыкыр талданды". Муну депутат Алмамбет Шыкмаматов 26-ноябрда “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди.

Депутат ошол жерде сот тармагына жалпы бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн 2 пайыздан кем болбогон каражат каралсын деп белгиленгенин айтты. "Турмуштун реалдуу картинасында акча маселеси тартыш. Ошондон улам "2 пайыздан кем болбосун" деген талап орундатылган жок. Каржы министрлигинин маалыматтарына таянсак, анын 0,85 пайызы гана аткарылыптыр”,- деп билдирди Шыкмаматов.

“Бишкектеги Экономикалык Сот Юстиция министрлигинин 1-кабатында отурат. Өздөрүнүн имараты жок болгондуктан, алар сот процессин 3х3 чарчы метр келген тар иш бөлмөлөрүндө 20-30 кишинин катышуусунда өткөрүүгө аргасыз. Дал ушундай абалды көрүп туруп, Сот арачылары институтунун пилоттук (сынамык) долбооруна кетүүчү каражатты жөнү жок кылып жибербесек”,- деген пикирин кошумчалаган депутат Сот арачылары институтун түзүү азырынча эртелик кыларын да билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан