Сотто Нарымбаев менен Коркмазов акыркы сөздөрүн айтышты. Өкүм саат 11:30да айтылат

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун соттук ишин кароо уланды.

Сотто айыпталуучулар акыркы сөздөрүн айтышты. Нарымбаев: "Соттук отурумдарда мага карата пара алуу боюнча күнөөнү Коркмазовдон башка эч ким айткан жок. Бир нерсеге көңүл буруу керек: Коркмазов өзү мага келип, "Түлеевге жардам керек" деп кайрылган. "Муну мен чечпейм, сотко кайрылуу керек" деп жооп бергем",- деди. Ал эми Коркмазов өз кезегинде: "Мага тагылган күнөөлөр менен макул эмесмин. Сотто далилдер болуш керек. Мен өзүмө эч кандай пайда көрүүнү каалабаганымды сотто суракка алынган күбөлөр айтышкан. Мен ортомчу эле болгом. 50 миң доллар Нарымбаевге багытталган болчу. Мындан тышкары суракка алынгандар Түлеевдин маселесин Нарымбаев өзү чече аларын айтышкан. Анткени бул маселе Нарымбаевдин көзөмөлүндө турган деп түшүндүрүшкөн",- деп айтты.

Андан соң судья өкүмдү бүгүн саат 11:30да угузарын айтып, кеңешме бөлмөсүнө кетти.

Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.

Прокурорлор Д.Нарымбаевди мүлкүн конфискациялоо менен 12 жыл 6 айга эркинен ажыратууну, Х.Коркмазовду 12 жылга эркинен ажыратууну, милициянын генерал-майору наамын алып салууну жана мүлкүн конфискациялоону суранышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан