Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы Мамлекеттик кадр кызматынын Мамлекеттик кызмат боюнча кеңешине депутат Мурадыл Мадеминовдун талапкерлигин жактырды. Фракция мындай чечимди бүгүн, 27-ноябрдагы жыйынында кабыл алды. Анын талапкерлигин фракция мүчөлөрү бир добуштан колдоого алышты. Андан кийин депутаттар ар кандай маселелерди жабык эшик артында кароого өтүштү.