Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясы 27-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы кызматына юрист Атыр Абдрахматованын талапкерлигин көрсөттү. Фракциянын мындай чечимин Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. Фракция мүчөлөрү талкуу учурунда Абдрахматова аталган кызматка келип калса, ал жарандардын кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн эффективдүү акыйкатчы боло турганына ишеним артышты.
Эскерте кетсек, аталган кызматка "Ата Мекен" фракциясы Гүлгаакы Мамасалиева, Бакыт Рыспеков жана Турсунбек Акундун, КСДП Гүлнара Жамгырчиеванын, "Өнүгүү-Прогресс" Мурат Жетимишбаевдин талапкерлигин көрсөттү. Ал эми "Бир бол" жана "Кыргызстан" фракцияларынын чечими азырынча белгисиз.