КСДП фракциясы депутаттардын жардамчыларынын биринен баш тартуу маселесин кайра кароодо

Парламенттеги КСДП фракциясы депутаттардын жардамчыларынын биринен баш тартуу маселесин кайра кароодо. Бүгүн, 27-ноябрда фракциянын жабык форматтагы жыйыны өтүп, анда ушул маселе талкууланды. Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков жардамчылардын биринен баш тартуу пунктуна берилген добуштар туура эмес эсептелип калганын, КСДПнын депутаттары эки жардамчынын биринен баш тартарын айтууда.

Айта кетсек, Жогорку Кеңеш 25-ноябрда парламент чыгымдарын кыскартуу жана депутаттык артыкчылыктардан баш тартуу маселесин жабык талкуулап, добуш берген. "Депутатка жардамчы жана консультант керек" деген сунушка 70 депутат "макул", 36сы "каршы" деп добуш берген эле. Муну менен депутаттар эки жардамчысын сактап калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан