Жылнаама, 28-ноябрь: Мындан 8 жыл мурун ошол убактагы президент Курманбек Бакиев кызматынан кетип жаткан өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевге Данакер орденин тапшырган

* Мындан 8 жыл мурун, 2007-жылы ошол убактагы президент Курманбек Бакиев кызматынан кетип жаткан өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевге Данакер орденин тапшырып, аны “жоопкерчиликтүү оппозициянын үлгүсү боло алды” деген.

* Мындан 72 жыл мурун, 1943-жылы союздук мамлекеттердин өлкө башчыларынын (СССР – И.Сталин, АКШ – Ф.Рузвельт жана Улуу Британия – У.Черчилль) Тегеран конференциясы башталган. Бул конференция нейтралдуу аймакта өтүшү керек болгон. Ал үчүн Тегерандан сырткары Каир, Стамбул жана Багдад сунушталган, бирок Сталин учак менен учууга караманча каршы болуп, Тегеранга токтолгон. Ошентип, Сталин конференцияга катышуу үчүн 22-ноябрда поезд менен жолго чыккан.

* Мындан 41 жыл мурун, 1974-жылы XX кылымдын атактуу музыканттарынын бири, “The Beatles” тобунун солисти Жон Леннон акыркы жолу Элтон Жондун концертинде ырдаган. Ал эми 1980-жылдын 8-декабрында Жон Леннонду Нью-Йорктогу үйүнө кире бериштен саат 23:00дүн тегерегинде атып кетишкен. Аны ошол замат шаардагы Рузвельт ооруканасына жеткиришип, бирок көп өтпөй ырчы көз жумган.

* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы белгилүү орус тасмасы "Он эки отургучта" роль жараткан орусиялык кино жана театр актрисасы Любовь Полищук оор дарттан айыкпай, Москвада каза болгон. Кээ бирөөлөрдүн айтымында, ал оору дал ошол "Он эки отургуч" тасмасына тартылуу убагында алган жаракаттан улам келип чыккан. Ал фильмдин режиссёру Марк Захаров бул пикир менен такыр макул эместигин билдирип, анын себеби катары актрисанын 2000-жылы кабылган жол кырсыгын атап келген.

28-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (77)
tokitok
2015-11-28 01:08:06
Д.Садырбаев,Т.Акматбаев, Р Акматбаев,Б Эркинбаев, Р Санатбаев Р Шаботоев беле дагы канчасын олттуртту экен Бакиев ?
-1
Мэри
2015-11-28 01:53:12
Мында дээрлик бакиевчилер чогулуп алышкан экен,бул эле эмес, негизи эле Бакиев тууралуу сөз болгондо эле сөз тийгизбей каласыңар. Бирок чындык, калыстык, адилеттик деген нерсени унутуп калышыбыз керекпи? Көзүбүздү жумуп алып, эч нерсе болбогондой, баарын унутуп калабызбы... Ал унутулбайт да (түшүнүп жатсаңар керек сөздүн төркүнүн)... Ооба, Бакиев да өлкө үчүн аздыр-көптүр кызмат кылса кылгандыр, бирок анын кечирилгис, кечирбей турган иштери баарын жууп кетти да.
0
alickjan
2015-11-28 10:36:38
Мэри,Бакиев,Атамбаев Баары бирдей,бирок американын базасын чыгарды эмне болду бир гана минус акча и канча жумуш жай болчу,Россия нагло бизден тартып Алды азыр американын базасы Ульяновск шаарына орноштурду канчалаган акча,жумуш орун вот силерге Атамбаев.
0
Urmat-1989
2015-11-28 01:55:35
АШАны жакшы корбосонор жакшы корбогуло силер ага милдеттуу эмессинер бирок сыйлоого, урматтого милдеттусунор
-5
tursunbaev2004
2015-11-28 02:00:29
Urmat-1989,Конститутцияда ошондой жазылганбы?
+1
Urmat-1989
2015-11-28 01:56:29
сындатып эле койсо силерди
+2
bema_bema
2015-11-28 02:00:58
Бакиев жакшы иштеген,туугандары мурдун тыкпаганда аябай онуккон олко болмокбуз.Силер айткан 87 баатырды азыркы бийликтегилер оздору аткан.
0
Мэри
2015-11-28 02:08:04
Бакиевди дунган дешет, аттуу-баштуу эле, кыргызга таанымал инсандын оозунан уктум эле, аты-жөнүнө чейин изилдеп чыккан. Ошол инсандын маалыматына таянсак, анда эмнеге эле кайдагы бир дунганга жан тарта бересиңер, же ал маалымат силерге жеткен эмес беле... Кечирип койгула, мен улутка бөлгүм келбейт, бирок силерге ушинтип айткандан башка арга калбай калды, болбосо Бакиевдин башкаруу маалындагы кемчиликтер, Апрель окуясы ж.б. баары бир эмес, миң жолу айтылса да аны уккуңар келбейт.
0
Lapushka15
2015-11-28 02:15:19
Бакиевди колдогон адамдарга тан калам!Кан тогулуп канчасы олду?свет очурулот, тезек тергиле деп,малдарды кутуп калганыбызга аз калган качан тезек берет деп.Кудайга шугур Атамбаев аракет кылып жоктон бар кылып атат.Акаевди кыргыз эли кабыл алса да Бакиевди омуру кабыл албайт!Эл тытып жеп койот.Оз элин кырып баса берди эмне жакшылык кутосун андан?
-1
HAPPY.GIRL
2015-11-28 03:12:48
Талаштан тактык жаралат деген жакшы соз бар достор,ар кимди куноолоп бул жакка жазып отурган оной.Бакиев бийликти башкара албай ар кимге догурунганы туура эмес.Бул шалаакылык жакшынын шарапаты жамандын кесепети дейт элибиз.Канчалаган энелер баласыз калды,канчалаган буюртма олумдор болду.Акча мн убактылуу маселени чечсе болот.Шумшуйуп ар кайсы жакта качып журот.Бул каргыштын тийгени.!!!
-1
basyz-kaman.
2015-11-28 05:11:13
Ушинтип болунуп жарылганыбыз качан токтойт болду экен.
+4
jon.as
2015-11-28 06:28:58
Бакиевди мактап жактап жазгандары тушунбойм да тушунгумда келбейт. Буга чеийн далай эле жазгам Бакиевдин кылыктарын, баардыгы баласы кылган деп Бакиевди актап келишет эмне ошол кезде баласы болду беле биздин президент албетте Бакиев баласынын кылыктарын колдогон, баласын тыйып, кысып журсо андайга баласы барбайт эле. Кандай эле ошону тушунуп анан актайсынар козунорду май басып калганбы Бакиевди мактагандар.
-2
s5kgbal
2015-11-28 08:02:56
jon.as, алар үчүн эң негизги маселе башка нерсе болуп турат!түшүнгөндөр түшүнөт!!!!же ойлору мадумаровду,ташиевди,мырзакматовду президент кылып алышса!!шайлабайт аларынарды эчким силерден башка!
-5
Nasi1981
2015-11-28 15:48:34
s5kgbal, сен шайлагандар кыйратып жатат. Жыргап жашап жатасын. Баалар асманда. Кайсы кылган жумушуна тушунуктуу адам болуп жатасын.
0
s5kgbal
2015-11-29 08:19:35
Nasi1981, мен шайлабайм эч кимди
-3
Manaskg.1
2015-12-01 00:53:53
s5kgbal, Бакиев Акайев озу убагында жакшы иштеген. И 93 Адамды коп айта бербегилечи Ошто миндеген Адам жок болду Бакиев кетбегенде уруш болмок эмес просто селер ак уйду Ошко жылдырабыз десе коро албадынар туугандар бетке айткандын заары жок АША колунан иш келбей жатат колунан келгендерге берсе ошолор ондомок Кыргызстанды бекер койгон президентке Атамбаев койбошу керек болчу бул киши болгондо айткам ооо олдук биз беш жылга деп аз калды чыдайлы башкасыда келет кудаа кааласа.
0
zhusaliev89
2015-11-28 07:06:20
Бакиевти кетирип Атамбаев озу деле кыйраткан жок
+6
kepka
2015-11-28 15:26:32
zhusaliev89, ак соз эн тууурааа+55555
0
ulanamirbekov
2015-11-28 11:59:08
Биздин бийликтегилердин баары эле бирдей оз алдынча саясат жургузо албайт. Себеби биздин президенттерди Путин башкарат. Ошондуктан ал жакшы бул жакшы деп Талашкандын кереги жок.
0
nurchik05
2015-11-28 15:15:02
Атамбаев эканомиканы Бакиевден да отуп тушурду мактанып эле жатат подстанция Курдук деп свет кымбат бийликтегилер баары бир гор калпычы
0
bIHTbIMAK
2015-11-28 21:56:12
Жогоруда Бакиевди дунган дешиптир го. Кимден уктунар дунган дегенди? Кана далилдегилечи!

Мен атайын изилдеп окуп чыктым, эч бир дунган дегенди окубадым. (экс) призидентибиз Курманбек Бакиевдин 7 атасын жана бир туугандарын да билип алдым.
1)Сали.
2)Молдо Бакы.
3)Калай калпа.
4)Молдо Калый.
5)Молдо Назар.
6)Молдо Эрмат.
7)Эгемназар бай.

Ал эми бир туугандары
1)Жусуп
2)Каныбек
3)Жаныш
4)Акмат
5)Адыл.<
+2
HAPPY.GIRL
2015-11-29 03:35:59
bIHTbIMAK, Бакиев эмессинби деги сен,жети атасын изилдеп жаман убара тартыпсын го хахахаха.
0
bIHTbIMAK
2015-11-29 05:20:15
HAPPY.GIRL, Мунун эмне кулкусу бар экен? Силер дунган дегенинерде мен ошого изилденип окуп чыктым. Адам баласы болгондон кийин мурду менен сайылбай башы менен анализдеш керек. Дунган экенин далилдеп бергилечи.
+4
HAPPY.GIRL
2015-11-29 14:32:44
bIHTbIMAK, Бакиев дунган болмоктон жоот болбойбу,билсен Бакиев кыргыз элинин душманы причем муну элдин баары билет.
-2
Manaskg.1
2015-12-01 01:00:04
bIHTbIMAK, Бакиев кыргыз улутуда. Коптогон иш кылды билбедим кимге Кандай. Мага окунучтуусу бужет томондоп кетти Акайевдин заманынан хуже болду чын Акайевтин мезгилинде 25% болчу а Бакиевтин мезгилинде 68% болду ах жаль просто, азыр эсе 23% эмнеге. Булар жаман жаман деп озу ондобойбу Берген созу кайда калды АША.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан