Жылнаама, 29-ноябрь: Мындан 116 жыл мурун футболдук “Барселона” клубу түзүлгөн

* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы Бишкекте Кыргыз Республикасынын HIPC программасына кошулуусуна каршы акция башталган. Феликс Кулов премьер-министр болуп турганда тышкы карыздан кутулуунун амалы катары HIPC программасына кошулууну сунуштаган. 2007-жылдын башында HIPC программасына каршы чыккан жарандык коомдордун, бирикмелердин саны 30дан ашкан.

2007-жылы 20-февралда өкмөт жыйыны HIPC маселесин карап, өкмөт мүчөлөрү дээрлик каршы добуш беришкен. HIPCти колдоп добуш берген каржы министри Акылбек Жапаров "тышкы карыздан кутулуунун тарыхый мүмкүнчүлүгү колдон чыкты" деп билдирген. Ошол кездеги президент Курманбек Бакиев жыйында Кыргыз Республикасын жер карата турган мындай программаны башынан эле колдобой келгендигин белгилеген. 2007-жылы элдин демилгеси менен кыргыз өкмөтү Улуттук банкта тышкы карызды жоюу боюнча "Элдик эсепти" ачкан. Ага колунан келген инсандар акча сала баштаган, бирок бул "Элдик эсептин" эмне болгону, түшкөн акча кайда жумшалганы коомчулукка белгисиз бойдон калган.

* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы Улуттук коопсуздук кызматынын атайын бөлүгүнүн күчтөрү "өлкөнүн аймагында террордук чабуул уюштурууга даярдык көргөн" деп шектелгендерди кармоо боюнча атайын операция өткөрүшкөн. Операция Ош шаарындагы Мажүрүм-Тал көчөсүндө болгон. Күч органдары курал катылган деп шектелген үйдү текшергенде үйдөн аскерлерге каршы ок атылган. Ош шаарынын тургундары дүрбөлөңгө түшүшкөн. Окуя согушчандарды кармоо операциясы экендиги андан кийин гана белгилүү болгон. Натыйжада атайын күчтөрдүн эки кызматкери жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Операция жыйынтыкталып, куралдуу топтун үч мүчөсү жок кылынып, төртүнчүсү өзүн өзү граната менен жардырып салган.

* Мындан 116 жыл мурун, 1899-жылы швейцариялык Жоан Гампер 11 кишини бириктирип футболдук клуб түзөт да, ага Каталония провинциясынын борборунун атын ыйгарат. 1929-жылы өлкөнүн Улуттук Лигасы түптөлүп, “Барселона” алгачкы чемпион болгон.

Клубга биринчи сокку 1936-1939-жылдары урулган. Өлкөдөгү жарандык согуш учурунда бийликти алган Франко баштаган фашисттер “Барселонаны” “улутчулдар уюму” деп, президент Хосеп Суньолду өлтүрүп, клубдун үстүнөн өз билемдик саясатын уюштурушкан. Фашисттик диктатура орноп, Каталониянын тилине, туусуна тыюу салынып, клубга да аталган тилдеги атын өзгөртүү талабы коюлган. Бирок “Барселона” атын өзгөртпөй, англис тилине которуп кутулган. 1975-жылы франкисттердин доору бүткөн соң гана өз атын кайра алган.

"Барселона” – Испаниянын Жогорку Лигасында өмүр бою ойноп келаткан үч команданын (“Реал Мадрид”, “Атлетик Бильбао”) бири. Андан тышкары "Барса" – Европа сезонун бир да жолу коё бербеген жалгыз команда.

* Мындан 49 жыл мурун, 1966-жылы советтик жана орусиялык актёр, Орусиянын Эл артисти, “Мусулман”, “Пираньеге аңчылык” тасмаларынын башкы ролдорун жараткан Евгений Миронов Саратов шаарында туулган.
Ал актёрлук карьерасын 1988-жылы Александр Кайдановскийдин "Керосинчинин жубайы" тасмасында роль жаратуу менен баштаган. Ал эми Валерий Тодоровскийдин "Сүйүү" тасмасында башкы каармандын ролун мыкты аткарып, популярдуулукка жеткен. Ал ролу үчүн көптөгөн сыйлыктарга арзып, "1992-жылдын мыкты актёру" деп аталган.

29-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bom.bon
2015-11-29 03:40:36
Кыргызстанда деле озбек тажик ж.б коп.ошондой экен да кайда торолсо ошол Жак кадырлуу болот.мумкун аларда келгиси жок болбосо оздору да арекет кылса келип жашаса болот.ансыз деле башка улуттар кыргыз боло баштады.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан