* Мындан 61 жыл мурун, 1954-жылы ырчы, обончу Алтымыш Кадыров Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Орто-Мечит айылында төрөлгөн. 1980-жылдары “Сага”, “Балалык”, “Ак-Буура”, “Сени менен өмүр бир өтсүн” деген ырлары хит болгон. Алтымыш Кадыров 1990-жылдары өлкөгө таанылып, анын "Бактылуу болуп жашайлы", "Күн болуп...", "Бере турчу бир тамчы", "Кечки Бишкек" сыяктуу ырлары ушул жылдарда чыгарылган.
Ал 2001-жылы 10-майда 47 жашында каза болгон.
* Мындан 141 жыл мурун, 1874-жылы журналист, публицист, жазуучу, сүрөтчү, коомдук ишмер, мыйзамчы, Британиянын эки жолку өкмөт башчысы, адабият тармагындагы "Нобель" сыйлыгынын ээси Уинстон Леонард Спенсер Черчилль Бленхейм ак сарайында туулган.
Тарыхта Черчилль өтө оор кырдаалда - Экинчи дүйнөлүк согуш маалында (1940-1945-жылдары) Улуу Британиянын өкмөт башчысы болуп, Германияга каршы күрөштү эл аралык деңгээлде уюштурууга салым кошкон мамлекеттик ишмер катары өзгөчө орунду ээлеп калган.
Черчилль 1965-жылы 24-январда дүйнөдөн кайткан.
30-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.