Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Франция Республикасына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Анын алкагында 30-ноябрда мамлекет башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча тараптардын Рамкалык конвенциясынын 21-конференциясынын ачылышына катышат. Бул конференциянын ишине дүйнөдөгү 140тан ашуун өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.