Темир Сариев "айрым министрликтер бюджеттен бөлүнгөн акчаны өз убагында өздөштүрө алышкан жок" деди

Өкмөттө 27-ноябрда "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга карата республикалык бюджети" жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланды. Каржы министри Адылбек Касымалиев бюджеттин киреше бөлүгүнүн параметрлерине өзгөртүү киргизүүнүн негизги фактору өлкөнүн ЕАЭБге кириши экенин айтты.

"Акыркы өзгөрүүлөрдү эске алганда, быйылкы республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 117 миллиард 488 миллион сом же 2015-жылдын такталган бюджетине салыштырмалуу 5 миллиард сомго көп. 2016-2017-жылдары бюджеттин кирешеси 110 миллиард 094 миллион 100 миң жана 121 миллиард 691 миллион 200 миң сомду түзөт. 2015-жылкы бюджеттин жалпы чыгымы 133 миллиард 546 миллион 500 миң сом деп пландалууда. Дефицит 16 миллиард 058 миллион 500 миң сом. Дефицитти жабууга бул каражат атайын булактар каралган",- деди Касымалиев.

Премьер-министр Темир Сариев каражаттын бир бөлүгү кийинки жылдын бюджетине өткөрүлүп берилерин, анткени бир катар министрликтер бөлүнгөн акчаны өз убагында өздөштүрө алышпаганын айтты. "Бул айрым мамлекеттик органдардын башчылары пассивдүү иштеп жатат дегенди билдирет. Ошондуктан көптөгөн долбоорлор кийинки жылга калууда, буга жол берилбеши керек",- деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан