Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде "Кыргыз Республикасынын 2014-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" КРнын мыйзам долбоору каралды. Бул маселе боюнча каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов баяндама жасады. Ошону менен катар комитет жыйынында Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова отчёт берди.
Маалыматка ылайык, 2014-жылы республикалык бюджеттин жалпы киреше көлөмү 105 миллиард 261 миллион сомду түзгөн же 101,9 пайызга аткарылган. Башкача айтканда, киреше 2013-жылга салыштырмалуу 17,9 пайызга өскөн. Анын ичинде 70 миллиард 945 миллион сом салыктык киреше, ал эми 24 миллиард 356 миллион сом салыктык эмес киреше болуп саналат. Ал республикалык бюджеттин жалпы чыгаша жыйындысы 107 миллиард 400 миллион сомду түзгөн. Жыйын жүрүшүндө ушу тапта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын жалпы өлчөмү 3 миллиард 630 миллион долларга жеткени же ички дүң өнүмдүн 58-59 пайызын түзө турганы белгилүү болду. Ички карыз – 220 миллион доллар, калганы тышкы карыз болуп саналат. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик карыздын эң жогорку чеги ички дүң продукцияга карата 60 пайыздан ашпоого тийиш.
Жыйында депутаттар өткөн жылы Айыл чарба жана мелиорация министрлиги баш болгон тармактык комитеттин кароосуна тиешелүү мамлекеттик органдарга бөлүнгөн каржынын пайдаланылышын талкууга алышты. 2014-жылы айыл чарбасына субсидия каралбаганын тактаган депутат Дастан Жумабеков "Агропродкорпорация" ишканасына бөлүнгөн каражаттардан натыйжа болбой жатканына Талас облусундагы картошканы кайра иштетүүчү заводдун курулушун мисалга тартты. Элмира Ибраимованын айтымында, аталган ишканада бир катар каржылык мыйзам бузуулар катталган.
Комитет төрагасы Мирлан Бакиров түрк гранты аркылуу Суу чарба департаментинде бир катар иштер жүргүзүлбөгөндүгүн сынга алып, бул тармакка сатылып алынган техникалар боюнча толук маалымат берүүнү талап кылды.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрүнүн сын-пикирлерин эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын 2014-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жактырылды.