11-мартта Бишкек шаарындагы Абдрахманов- Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен 480 даана тапанча огун алып жүргөн жаран кармалды. Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери Мазда унаасын токтотуп, текшерүүгө алышкан учурда унаанын ичинен аталган ок-дарылар чыккан. Кылмышка шектүү 32 жаштагы К.Р. аттуу адам экендиги белгилүү болду. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.